Меркель БУУнун кеңешчиси кызматынан баш тартты

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин уюмда кеңешчи болуп иштөө сунушунан баш тартты, деп билдирет DPA.

Меркелдин бюросу экс-канцлердин БУУда иштөө тууралуу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Ошондой эле, ал ишеним көрсөткөнү үчүн башкы катчыга ыраазычылык билдирип, бирок акырында бул сунуштан баш тартканын кошумчалады.

Буга чейин Ангела Меркель саясаттан кеткенден кийин пенсияга чыгуу планын азырынча ойлоно электигин айткан. Ошол эле учурда ал биринчи кезекте эс алууга аракет кылаарын айтты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru