народный

Милан Турпанов, Шахмат федерациясынын президенти: “Рейдерлер менен соттошуп чарчадык”

–Милан мырза,   сиз мыйзамдуу федерациянын президенти деп өзүңүздү эсептеген менен Жогорку сотто утулуп калыптырсыздар…

–Ооба, ошондой болду.  Эмне болгонун өзүм да түшүнбөй калдым. Билесиздер да эки адам азыр федерациянын президенттигин талашып, ызы-чуу болуп жатабыз. Негизи мага чейин рейдерлик жол менен  федерациянын президенти  деп өзүн жарыялаган адам  2019-жылдын  23-ноябрында келген.  Аны бир топ делегаттарыбыз кабыл албай, кайра шайлоо болду.  2020-жылдын 12-январында  600 делегаттын колдоосунда  расмий түрдө президент болуп кызматка  мен олтурдум. Эми болсо тигил тарап сотко берди. Шаардык, райондук соттон утуп алганбыз. Кайра Жогорку Соттон утулуп калдык.  Чынын айтканда рейдерлер менен соттошуп чарчадым.  Улам бир нерсесин айтып чыга калышат.  Мындан ары дагы мыйзамдуулук менен күрөшөбүз эми.

–Ош шаарына шахмат федерациясы ачылыптыр. Иштеп кете алабы?

–Келечекте шахмат федерациясын өлкөнүн баардык булуң бурчтарына ачалы деген планыбыз бар. Буюрса ачылат. Азырынча Ош шаарына гана ачып кабыл ала баштадык.  Шахматка кызыгып, Академия ачсаңар балдарыбызды берели деген ата-энелер көп болчу. Алардын кубанычы абдан чексиз болуп жатат. Учурда өлкөнүн баардык аймактарында шахматка кызыккан өспүрүмдөрүбүз аябай көп.  Алардын да тилегин ишке ашырууга аракет жасайбыз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru