народный

Милиционер айым мас абалда жол кырсыгына кабылганы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат

Социалдык тармактарга 14-апрель күнү милиционер айым жол кырсыгына кабылганы боюнча видео жарыяланган.

«Видеодо милиция кызматкери унаасы менен Тоң районунун Төрт-Күл айылында карама-каршы тилкеде бара жаткан унааны сүзгөнү айтылат. Окуя 14-апрелде саат 22:00 чамасында болгон. Видеодогу айым Тоң РИИБдин кызматкери экени такталды. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында толук маалымат берилет», – деп айтылат ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл ОИИБ тарабынан Тоң РИИБде кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүп баштаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru