Милиция кылмышкерди уурдап жаткан жеринен кармаган

Бишкекте батирден кымбат баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган шектүүнү ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери кармап алышкан. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү саат 20:39да ИИМдин күзөт кызматына Касым Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде кандайдыр бир белгилер байкалып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол замат милиция барып, үйдүн короосуна киргенде короонун ичинен качканга аракет кылып жаткан жаранды кармашкан.

“Аталган жерге Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу чакыртылып, текшерүү учурунда шектүүнүн жанынан ноутбук, кол саат, алтын чынжырча далил катары табылган. Ошондой эле чөнтөгүнөн мык суургуч чыккан. Шектүү Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди”, – деп жазылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru