народный

Милициянын көчүгүнө өрт коюп жиберем деген аял кечирим сурады- (ВИДЕО)

2020-жылдын 12-апрелинде “Постто ызы-чуу салган аялдын видеосу” деген аталышта 2 тасма социалдык тармактарда тараган. Бул тасма боюнча Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.
“COVID-19” илдетин алдын алууда бүгүнкү күндө жер-жерлерде санитардык-карантиндик посттор коюлуп, ИИОнун кызматкерлери күнү-түнү иш алып барып жатышат. Кээ бир айылдарда айыл жаштары ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге өзгөчө кырдаал тартибин сактоосун көзөмөлдөө үчүн айылдын кире беришине автоунаалар үчүн дезинфекциялык барьерлерди жайгаштырып, кезек менен нөөмөткө туруп, жарандардын үйдө болуусун эскертип жатат. Жогорудагы тасма Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Шады айылына кирген унаа жолуна коюлган постто болгон.
2020-жылдын 12-апрель күнү саат 11.30дар чамасында жашы болжол менен 35-40жаштардагы аял Шады айылына кирүү үчүн, постто турган элдик кошуундун атуулдарына оозго алгыс сөздөр менен тилдеп акаарат кылып, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей болгон жүрүм-турум ченемдерин атайылап одоно түрдө бузган. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери аялдын өздүгүн аныктоо максатында териштирүү иштеринин жүрүшүндө Халмион айыл аймагынын Чекелик айылынын 34жаштагы тургуну экендиги аныкталды.
Бул факты Кадамжай РИИБнүн КЖБРне Жоруктар жөнүндө Кодексинин 127-беренси (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru