Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштык кылганга шектелген жаранды кармады-(ФОТО)

2020-жылдын 22-ноябрда болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Л.Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1967-жылы туулган О.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен саат 18:50 чамасында белгисиз жаран арыз ээсине бейбаштык кылып, уруп, денесине залакат жеткизген. Мына ошол жаранга карата чара көрүүнү кайгуул кызматкерлеринен өтүнгөн.Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган Б.А. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз республикасынын жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма-соз кызматы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru