Милициянын кайгуул кызматкерлери көчөдө үй жайсыз жаткан жаранды “Үмүт-Надежда” кайрымдуулук үйүнө жеткиришти-(ФОТО)

2020-жылдын 22-ноябрда болжол менен саат 12:03 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматынан Элебесов жана Шербаков көчөлөрүнүн  кесилишинде белгисиз жаран жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1967-жылы туулган С.В аттуу  туруктуу жашаарга жери жок жаран үшүп, жол жээгинде жаткандыгын көрүшкөн.

Чакыруу менен келген  кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, үшүп калган жаранды кызматтык унаага салып, А.Токомбаев дарегеинде жайгашкан “Үмүт-Надежда” кайрымдуулук үйүнө жеткиришкен.

Ал жактан жарандар убактылуу жатканга жылуу жай ыссык тамак аш менен камсыз боло алышат.

Кайгуул кызматкерлердин ыкчам аракетине үй жайсыз жаран ыраазычылыгын билдирди.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru