Милициянын кайгуул кызматкерлери суукта туруктуу жашаар жери жок жарандарга жардам көрсөтүүдө-(ФОТО)

Каар жаап, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаарга үй-жайы жок жарандардын айрыкча түн ичинде көчөдө суукта тоңуп, же үшүп калып калган фактылары көп катталууда. Бул боюнча Бишкек ШИИББнын “102” кызматына да жарандар тарабынан көп кайрылуулар келип түшүүдө.
Мына ошондой туруктуу үй-жайсыз калган жарандарга карата милициянын кайгуул кызматы өз убагында ыкчам жардамын көрсөтүп, бир сутка ичинде сууктун күнүндө алардын убактылуу баш калкалаган жерлеринен, көчөлөрдө тоңуп калган жерлеринен, жер астындагы ыссык суу өтчү суу түтүктөрүндө баш калкалаган жерлеринен, ошондой эле кабат үйлөрдун астындагы поддезде, жана чоң көпүрөлөрдүн астында убактылуу баш калкалаган 29 үй-жайсыз жарандарды аныктап, аларды “Коломто” муниципалдык жайына жеткиришти. Ал жерден бул жарандар ыссык тамак жана убактылуу түнөөчү жай, ошондой эле медициналык жардамдарды ала алышат.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы жарандарды үй-жайсыз калган жарандардын көчөдө үшүп, же тоңүп калган фактыларын байкаса дароо “102” кызматына кабарлоого чакырат. Алар да коомдун бир болүгү экенин унутпайлы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.