Миллиард рубльды жашырып калууга аракеттенген мэрдин аялы

Томск шаарынын мэри Иван Клейиндин жубайы, миллиард рубльды сактап калууугө аракет кылды. Бул тууралуу Газета.ru жазды.

Иван Клейн 2013-жылдан бери Томск шаарынын мэри. Ушул  мезгил аралыгында ал Россиянын эң бай чиновниги деп эсептелген.  “Комсомольская правда” басылмасынын мааламатына таянсак, өткөн жылы саясатчынын расмий кирешеси 400 миллиондон ашыгыраак деп айтылган.

Маалыматка ылайык, ыкчам кызматкерлер тобу беш кабатту үйдү тинтүү учурунда, мэрдин аялы шашылыш түрдө каражаттарды сактап калууга аракет кылып, уктоочу бөлмөдөн жаздыкты терезден ыргытып жиберген.

Тергөөчүлөр жаздыктын ичинен  орусиялык жана швейцариялык банктардын карталарын табышкан, алардын эсептеринде 1,3 миллиард рубльга жакын акча бар экенин тастыкташкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru