Миллиардер Билл Гейтстин атасы каза болду

700×100 kyr

Америкалык юрист, филантроп жана Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсүнүн атасы Билл Гейтс улуусу 95 жашында Сиэтлдин четиндеги үйүндө көз жумган. Бул тууралуу New York Times маалымат кызматы жазып чыкты

Маалым болгондой, Гейтс 14-сентябрда АКШнын Вашингтон штатындагы деңиз жээгинде жайгашкан үйүндө Альцгеймер оорусунан улам каза болгон

«Менин атамдын өлүмү биздин үй-бүлө үчүн абан чоң жоготуу. Атам узак жана чексиз бактылуу өмүр сүрдү. Анын акылмандыгын, боорукерлигин жана кичипейилдигин ар дайым жошоомдо эстеп жүрөм. Мелинда экөөбүз атама убада бергенбиз, анткени ал коомго кызмат кылууга абадан кызыктар эле. Эми биздин милдет атам  жасай албай кеткен кайрымдуулук ишин улантуу », – деп жазган Билл Гейтс инстаграмм баракчасына.

“Мен буга чейин айтып келгем, менин атам чыныгы Билл Гейтс болгон. Ал менин эңсегенимдей ата боло алды “, -деген миллиардер.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.