народный

Миллионер байлардын көбөйүп кеткенине капа

АКШнын Сиэтл шаарында жайгашкан интернет баракчаларынан төлөм кабыл алган компаниянын ээси Дэн Прайс 2015-жылы кызматкерлер жылына кеминде 70 миң доллар маяна алсын деген эрежени киргизген.  Анын компаниясында 120 киши иштечү. Бул идеясын ишке ашыруу үчүн өзүнүн бир миллион доллар айлыгын кыскарткан.  Өзүнүн маянасын 70 миң доллар эле кылып койгон. Беш жылдан кийин Дэн идеясы жемиштүү болгонун эми жарыялады. Прайс мырза 31 жашында миллионерге айланган. Ал байлардын өтө көбөйүп кеткенине капа. Баардыгыбыз бирдей болушубуз керек дейт ал. Прайс өспүрүм кезинде негиздеген “Gravity Payments” компаниясынын эки миңден ашуун кардары болуп, миллиондогон долларга баалап сатып алууну каалагандар көбөйүп кеткен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru