Министр Алмазбек Бейшеналиев Баткендеги талкалагнган мектептердин абалы менен таанышты

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусунун Баткен шаарындагы, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, министр Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы мектепте, Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте, А. Имаров атындагы мектепте жана Кызыл-Топу мектебинде жайгашкан тургундар менен жолугушту.

Андан ары А. Бейшеналиев Баткен районуна барып, №57 кесиптик лицейде баш калкалоого аргасыз болгон тургундар менен жолугуп, аларга түзүлгөн шарт менен таанышты. Ошондой эле Ак-Сай айылындагы М. Ходжаев, Ак-Татыр айылындагы Ж. Момунов атындагы жабыркаган мектептердин абалын өз көзү менен көрүп чыкты.

Министр Баткендеги сапарын улай Лейлек районуна барып, Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак мектебинде жайгашкан качкындар менен жолугушту. Ошондой эле болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыр тарткан Максат орто мектебинин, Сейтек-Максат балдар бакчасынын абалы менен таанышты“, – деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Баткендеги тажик тараптын агресивдүү кол салуусунан жараксыз абалга келген Максат айылындагы мектепте 20 мугалим эмгектенген. Буга чейин бул мектепте 200-300 окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.