Министр Чолпонбаев: Паникага алдырып дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек
Паникага алдырып, дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
“Илдеттин очогу болгон Кытай ооруну тартип жана тазалык менен жеңип жатат. Негизгиси ар бирибиз өзүбүзгө жана үй-бөлүбүзгө жоопкерчиликтүү болуп, гигиенаны сактайлы”, — деди министр.
Министрдин айтуусуна караганда, учурда Кыргызстан тиешелүү органдар менен тыгыз иштерди жүргүзүп жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды. Алар Сауд Арабиясынан учуп келишкен.