Министр: “Чынчыл дарыгерлердин гана айлыгын көтөрдүк…”

Комментарий алуу үчүн Kaktus.media Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылган. Эске салсак, жаңы система боюнча айлык төлөө демилгесинин автору министр өзү болчу.

Бейшеналиевдин маалыматы боюнча, медиктер кант диабети жана онкологиялык оорулары бар бейтаптардын илдетин баштапкы стадиясында аныктоонун ордуна аларга түрдүү оорулар менен ооруйт деп кошуп жазышкан.

“Доктурлар элди алдап келишкен. Бизде кош бойлуулар көп, бирок төрөлгөн балдардын саны ошончолук көбөйгөн жок. Калкыбыздын бары эле кант диабетинен жабыркайт имиш. Элди алдаган болбойт”, – дейт министр. Анын айтымында, алдабай, чынчыл иштеп аз айлык алып жүргөн медиктердин маянасы көтөрүлдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.