Министр, депутаттар акыркы жолу аялына качан гүл берген? Алардын жообу

   Негизи атактуу мырзалардын жубайы болуу оор. Коомчулуктагы жумуштарынын көптүгүнөн улам үй-бүлөсүнө көңүл бура албай калышат.  8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата “коом press” сайты кыргызга төбөсү көрүнгөн мырзалардан “жубайыңызга акыркы жолу качан гүл белек кылдыңыз?”-деп сурап көрдү.

 Улугбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Майрамда гүлсүз калбайт…”

–Базаргүл экөөбүз Воронежде окуп жүргөндө таанышып, сүйлөшүп, ошол жактан үйлөнүп анан келгенбиз.  Азыр буюрса, Кудайдын кулагы сүйүнсүн балалуу, атүгүл неберелүү болуп калдык. Жубайыма бат-бат гүл берем десем жалган болуп калат. Бирок майрамдардын бирин да калтырбай гүл берип турам. Ар бир эле аялзаты гүл алууну кааласа керек.

Нурболот Мирзахмедов,  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Мен ага өзүм эле белекмин…”

–Негизи үйлөнгөндөн кийин өзү эле доолап калбаса, белек деле бербейм.  Ал эми сүйлөшүп жүргөндө баардык эле жигиттер сыяктуу джентльмен болуп, дайыма жолугушууга гүл көтөрүп барчумун. Чынын айтканда акыркы жолу качан гүл бергеним эсимде жок. Кээде тамашалап өзүм сага белекмин деп коём. Эми сиздер айтып калыпсыздар, алып берем го.

 Алтынбек Жунус уулу, Жогорку Кеңештин депутаты: “Романтикалуу кечелерге көп чакырам”

  Өткөн жылдын  5-декабрь күнү роза гүлдөрүн белек кылып, романтикалык кечеге  алып бардым. Себеби экөөбүздн баш кошконубузга туптуура 16 жыл болду. Негизи  Айзатка гүл көп бербейм. Бирок киного, сонун романтикалуу орду бар ресторандарга кечки тамакка чакырып турам. Өзү ушундай нерселерди жакшы көрөт.

Акылбек Жамангулов, “Мегаком” компаниясынын башкы директору: “Бир жума мурун роза гүлдөрдүн топтомун бердим”

–Апама, эжеме, жубайыма себепсиз эле гүл бергенди жактырам.  Акыркы жолу келинчегиме бир жума мурун кызыл розалардын топтомун белек кылдым. Өзү дагы ушул гүлдү жактырат. Деги эле аялзаты гүлдү, көңүл бурууну жакшы көрөт эмеспи, андыктан айтпай эле сюрприз кылып гүл көп көтөрүп барам. Буюрса, майрамына дагы гүл алаарын өзү деле сезип жатса керек.

Улукбек Кочкоров, Социалдык өнүктүрүү жана өнүгүү министри: “Романтик эмесмин”

–Январь айында келинчегим Шайыргүлдүн туулган күнү болду. Ошондо өзү жакшы көргөн  кызыл розаларды белек кылдым. Чынын айтайын, жумуштан кийин гүл көтөрүп барган романтиктердин катарын толуктабайм. Майрам же маанилүү күн болуп калса гана гүл берип коём.

Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты: “Жаш кезимде гүл бергеним эсимде жок…”

–Биз үйлөнгөндө аксакалдар “алганың менен тең кары”-деп бата беришкен. Буюрса тең карып жашап келе жатабыз. Балким жаш кезде айтпай-дебей гүл көтөрө келген учурларым болгондур. Азыр союздун тарбияланган адамы катары 8-март күнү сөзсүз өзү жакшы көргөн гүлдөрдү берем. Анан жакында туулган күнү болду, ошондо бердим.

Нурбек Алимбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: “Жубайымдын сүйгөн гүлдөрүн көп берем…”

 Гүлназга кошкон тагдырыма аябай ыраазымын. Менин саясаттагы жашоодогу болгон жүгүмдү кошо тартышып келе жатат. Экөөбүздүн беш балабыз бар. Андыктан жубайыма бат-баттан гүл берип турам. Кызыл розаларды аябай жакшы көрөт. Өзү да гүл алууга көнүп калган, сүйүнүп кабыл алат.  Жубайымды жакшы көрөм, сыйлайм.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru