народный

Министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал Абад областына келди

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областына келди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов менен биргеликте Сузак районундагы  өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдет оору тарап кетпесине байланыштуу коюлган атайын блок постторду текшерүүгө алды. Ал посттордо турган милиция кызматкерлери менен жолугуп кошумча нускамаларды берди. Министрдин орун басары кызматкерлерди карантинге алынган аймакка тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү зарылдыгын белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды. Азыр Благовещенск, Орто-Азия жана Бостон айылына 19 пост коюлгандыгын, ошол жерлерде чектөө болоорун, оору тарап кетпөөсү үчүн бизде баары жетиштүү экендигин жана мындан кийин шартка жараша дагы башка чечим кабыл алына тургандыгын белгиледи.

Жергиликтүү жарандар жана милиция кызматкерлери менен болгон жолугушууларда Сүйун Өмүрзаков мына буларга токтолду: “Бүтүн дүйнө жүзүн кооптондурган жугуштуу илдет оорусу бизге да келип жеткендиги өкүнүчтүү. Учурда Мамлекет башчыбыз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү – жарандарыбыздын ден соолугун сактоо багытында бардык ыкчам керектүү иш-чараларды көрүүдө. Медициналык кызматтардын бардыгы элибиздин саламаттыгын сактоо үчүн күнү-түнү иш алып барууда жана аны дарылоого толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мына ушундай кырдаалда мен дагы Сиздерге кайрыламын, – биз ички иштер министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте коомдук тартиптин сакталышына жооптуубуз. Биз тушүндүрүү иштерин күчөтөбүз. Ден соолукту сактоо, жугуштуу оорудан сактануу боюнча дарыгерлердин айткандарынын бардыгын толук сактап, бекем тартипти карманышыбыз зарыл. Кыргызстандын ар бир жараны, ар бир үй-бүлө, ар бир атуул жеке гигиенанын талаптарын катуу кармоосу, провакациялык ар кандай чакырыктарды социалдык түйүндөрдө таратпоосу керек.  Такталбаган жалган маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрөм дегендер мыйзам чегинде  жазага тартылат. Укпайт деп ушак таратпагыла, көрбөйт деп, билбейт деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Мен бардыгыңыздарды токтоолукка, сабырдуу болууга чакырамын.

Ички иштер органдарынын шартка байланыштуу коомдук тиртипти сактоо максатындагы мыйзамдуу талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алып, аны аткаруу керектигин суранамын. Коомдук тартипти сактоо иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Ар бирибиз жоопкерчиликтүү мамиле кылалы, коомдук тартипти бузууга жол бербейли. Биз үчүн эң маанилүү байлыгыбыз болгон – ар бир жараныбыздын ден-соолугу жана өмүрү кымбат, ошол себептүү ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл. Мен муну суранамын жана талап кыламын – деди Сүйүн Өмүрзаков.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru