Министрлик: быйыл ЖОЖдордо сынактар онлайн, аттестация салттуу режимде өтөт

Жогорку окуу жайларда мамлекеттик экзамендер аралыктан, ал эми мамлекеттик аттестация салттуу режимде өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 2-курстун студенттери үчүн Кыргызстан тарыхы, кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстандын географиясы боюнча комплекстүү мамлекеттик экзамен онлайн режиминде болот.

Ал эми мамлекеттик аттестация кадимки форматта өтө турганы айтылды.

“Жыйынтыктоочу лекциялар жана консультациялар ЖОЖдун же кесиптик окуу жайлардын тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта уюштурулат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, министрлик жазгы семестр февралда баштала турганын айтып, ошол убакыттан тарта бардык багыттар жана адистиктер боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери жана магистранттар толугу менен салттуу форматта окуй турганын айткан. Медициналык адистиктердин студенттери 1-курстан бүтүрүүчү курска чейин кадимки тартипте билим ала турганы белгиленди.

Ал эми кенже курстардын студенттери (бүтүрүүчү курстан жана медициналык адистиктерден тышкары) үчүн окутуу процесси аралаш боло турганы айтылган. Башкача айтканда, лекция онлайн болуп, окуу жайга практикалык жана лабораториялык сабак үчүн барып турары маалым болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.