Министрлик: Уран менен торийди казууга азырынча уруксат берилбейт

Уран жана торий кендерин чалгындоого, казууга азырынча уруксат берилбейт. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамы күчүндө. Аталган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылдын 3-сентябрында коомдук талкууга койгон «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө» КР мыйзам долбоорунда уран жана торий боюнча да маселе киргизилген. Анда уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылган эмес. “Тагыраак айтканда, үлүшү 100% мамлекетке таандык компанияга гана уруксат берилиши мүмкүн. Ошондо дагы экологияга зыян тийгизбей турган жана эл аралык талаптарга жооп берген технология менен иш жүргүзсө”,-деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru