народный

Министрликтеги коррупция, майыптардан акча чогулткан көйгөйгө көңүл бурулбай келет – ВИДЕО

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактагы башкармалыктары майыптарды группага чыгаруу үчүн акча талап кылышат. Мындай маалыматты Нурказы Баатырбеков атуу жаран интернеттеги “Фейсбук” социалдык байланыш тармагы аркылуу айтып чыкты.

Ал, мындан 2 ай мурун Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева менен жолугуп,  жер-жерлерде коррупциялык схемалар иштеп, кызматкерлер майыптарды группага чыгарып берүү үчүн акча талап кылып жатканы тууралуу айтканын, бирок арадан 2 ай өтсө дагы министрлик көңүл бурбай келгенин белгилеген.

Министрдин Орун басары Жаныл Алыбаева видео кайрылуу кылып даттанган жаранга төмөндөгүдөй жооп  берди: “Ооба, бизге Нурказы Батырбеков аттуу жаран кайрылган. Бирок ал майыптыкка чыккан жарандардан тийешелүү кызматкерлер акча алып келгени боюнча далил алып келген жок. Биз бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте, март айында  комиссия түзүп, Нурказы Батырбеков менен биргеликте аймактарды кыдырабыз”-деди ал.

Эскерте кетсек, өлкө аймагы боюнча 187 000 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын ичинен 30 000 ден ашыгы 18 жашка чыга элек балдар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru