Минскте пенсионерлердин кезектеги нааразычылык акциясы өтүүдө

Дүйшөмбү күнү Минск шаарында Беларуссиялык пенсионерлердин кезектеги нааразычылык акциясы өтүп жатат, деп билдирет РИА Новости.

Пенсионерлер адаттагыдай дүйшөмбү күнү Минсктин борборундагы Эгемендүүлүк аянтына чогулушуп, ал жерден алардын нааразычылык маршы башталат. Жөө жүрүшчүлөр Октябрь проспектиси жана Жеңиш аянты аркылуу Якуб Колас аянтына чейин барат.

Пенсионерлер Беларуссиядагы бийликти алмаштырууга чакырган ак-кызыл-ак кол чатырларды, желектерди жана плакаттарды көтөрүп жүрүүдө. Эгемендик аянтында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери нөөмөттө турушат. Коомдук транспорт жарандарды Эгемендүүлүк аянтына түшүрбөй, проспект боюнча унаалардын кыймылы жабылды.

Мегафондогу полиция кызматкери митингчилерди массалык иш-чаралар жөнүндө мыйзамды бузуп жаткандыгын эскертип, аларды тарап кетишине чакырганына карабастан,  эл ага реакция кылышпай, өкмөткө каршы ураандарды чакырууда.

Эске салсак, 9-августта Беларуста өткөн президенттик шайлоодон кийин, Александр Лукашенко алтынчы жолу жеңишке жетишип, БШКнын маалыматы боюнча, 80,1% добушка ээ болгон. Өлкөдө оппозициянын массалык нааразычылыктары өтүүдө, алардын оюу боюнча Светлана Тихановская жеңди деп эсептейт.

Добуштун жыйынтыктары менен макул болбогон демонстранттарга каршы коопсуздук күчтөр резина ок, газ атуучу курал колдонууда. Бирок ага карабастан нааразычылык акциялар дагы деле уланууда. Укук коргоо органдары Беларуссиядагы нааразылык акцияларынын радикалдашуусу жөнүндө билдиришти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru