Мирлан Бакиров Аида Исмаилованы жакшы сыйлаарын айтты

Бул тууралуу депутат “коом press” сайтына маек берип жатып билдирди:

«Аида Исмаилованы абдан жакшы сыйлайм. Буга чейин да баардыгына макул болуп, анын кызматка барышына каршы болгон эмесмин. Бирок кечээкисинде  колдогон жокмун. Туура түшүнөт деп ойлойм. Эми кайдан жолуксак дагы саламыбыз түз болот, аны дагы деле сыйлайм, урматтайм. Бирок кызмат деп эле баардык жактарга бара берген болбойт. Ал мени жек көрүп жүрсө керек. Кийинчерээк өзү туура түшүнүп алат»-деди ал.

Эскерте кетсек, депутаттар кечээ Аида Исмаилованын талапкерлигин социалдык өнүктүрүү министрлигине колдобой коюшту

Leave A Reply

Your email address will not be published.