Мирлан Самыйкожо: Бул жолку шайлоо кадыресе таза өттү. «Көч бара-бара түзөлөт!»

Акын, алып баруучу, парламенттик шайлоого талапкер Мирлан Самыйкожо бул жолку шайлоо таза өткөндүгүн айтат. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Шайлоо! Үгүт — Үмүт… «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей ушул жолку шайлоо мурдагыдай эмес биз көргөн ЭЛ, биз көргөн шайлоо кадыресе таза өттү! ЭЛ эркин шайлоо кылды. Эч кимди эч бири желкелеп, айдап кел, байлап келге алып барган жок. Кудай буюрса ЭЛ ишеними ойгонот!», — дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru