ММА мушкери Сатыбалдиев бразилиялык спортчу менен беттешет

Кыргызстандык ММА мушкери Азиз Сатыбалдиев UAE Warriors уюмунда беттешке чыгат. Маалыматты менеджери Асан Султанов тастыктады.

Спортчу бразилиялык мушкер Виктор Нуньеске каршы чыгат. Беттеш 19-июнда Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өтөт.

Кыргызстандык атлет ММА спортунда 20 беттешке чыгып, 16сын уткан. Ал эми атаандашы 10 беттештин алтоосун утуп, төртөөндө жеңилген.

Азиз Са2020-жылы келишим түзгөн. Аталган уюмдун алкагында азыркыга чейин бир да жолу беттешке чыга элек.

Азиз Сатыбалдиев беделдүү UFC уюму менен 2020-жылы келишим түзгөн. Аталган уюмдун алкагында азыркыга чейин бир да жолу беттешке чыга элек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.