Молдокматов: “Бир адам бийликке келгени менен анын кеткен күнү дагы бар”

“Замандаш” партиясынын экс-лидери Жеӊиш Молдокматов жергиликтүү ЖМКлардын бирине Садыр Жапаров кызматка чакырса барбай турганын билдирди.

“Мени Садыр Жапаров кызматка чакырса барбайм. Бир нече шарттар бар, ошолор аткарылса ойлонуп көрөм. Себеби азыр Баш мыйзам даярдалып жатат. Азыр мени конституция ойлондуруп жатат. Кандай жазылып жатканын билбейбиз. Бир гана адамдын башкаруусунда болсо анда барбайм. Эң алгач мамлекет укуктук талаага келиш керек. Биз бийликтин баарын бир адамдын колуна өткөрүп берип, бир адам эле элдин жана мамлекеттин тагдырын чече турган болсо жаман. Эгер Баш мыйзам бир адамдын башкаруусуна багытталган болсо анда Садыр жапаров менен иштеше албайм. Мен бир адамга кызмат кылган адам эмесмин.

Ал эми Садыр Жапаров экөөбүздүн ортобуздагы сөздөр боюнча ар биринин чындыгы бар. Мен жөн эле айтып чыккан жокмун. Кайсы бир убакта чындык ачыкталат. Тарых таразалайт. Бир адам бийликке келгени менен анын кеткен күнү дагы бар”, – дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.