Монголия өкмөтү катуу карантин чараларын киргизди

Монголиянын өкмөтү 8-апрелдеги кезексиз жыйында 2021-жылдын 10-апрелинен 25-апрелине чейин борбор шаар Улан-Баторго жалпы катуу карантин киргизүүнү чечти.

«Дүйнөдөгү ар бир өкмөт пандемияны жеңүү үчүн өз ыкмасы менен иштейт. Монголия өкмөтү апрель жана май айларын эмдөө айлары деп жарыялады. Натыйжада, жарым миллион адам эмдөөдөн өттү. Эмдөө боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктады. Бардык максаттуу топторду эмдөө боюнча сүйлөшүүлөргө жетишилди.

Вакцина өндүрүүчү өлкөлөр экспорттоону токтотуп, биринчи кезекте ички суроо-талапты канааттандырууга багыт алышты. 10-25-апрелде, 15 күндүн ичинде биз “кызыл” деңгээлге өтүп, катуу карантин киргизебиз ”, – деди премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдене.

Мындай чечим Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук инфекциялык илимдер борборунун (NICIZ) адистеринин, ошондой эле ата мекендик илимпоздордун жана изилдөөчүлөрдүн сунуштарынын негизинде кабыл алынды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.