Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жаңы директор дайындалды

Кеңешбай Тайлаков КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койду, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 14-апрелде Тайлаков КР Экономика жана финансы министрлигинин жетекчилиги тарабынан Антимонополия агенттигинин жамаатына тааныштырылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.