Москвада кыргызстандык TikTok-блогерин жердештери карактады

Москвада кыргызстандык 30 жаштагы TikTok-блогерге кол салуу болгонун «REN TV» 19-январда кабарлады.

Кылмыш «Москва сити» бизнес борборунда, кыргызстандык жашаган батирдин ашканасында болгон.

Телеканалдын маалыматына караганда, ага үч жердеши кол салып, сабап салышкан. Алар блоггердин уюлдук телефонун, синтезатор жана 27 миң рублун алып кетишкен.

Андан соң каракчылар кыргызстандыкты сыртка алып чыгып, унаага салып, төрт саатка жакын жүрүшкөн. Кийин жабырлануучуну «Перово» метросунун жанынан түшүрүп салышкан.

Учурда полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. ЖМКлар кайсы блоггер тууралуу сөз болуп жатканын такташкан жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru