народный

Москвадагы мечиттердин биринде кыргыз аял ур-токмокко алынды

Москвадагы мечиттердин биринде ур-токмоктон улам кыргызстандык аял оор жаракат алды. Бул тууралуу “Царьград” билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Москва соборундагы мечитте болгон.  Аял -диний имараттын дубалдарынан  ур-токмокко алынып,натыйжасында баш мээси чайкалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мечитте тазалоочу болуп иштеген аялга ушул эле жерде иштеген эркек киши  кол салган. Жабырлануу Склифосовский изилдөө институту жеткирилген. Ал Россияга Кыргызстандан келген.

Аял  кордогон адамынын атын айта алган жок. Аны мечиттен көрүп жүргөнү менен, тааныбагандыгыг айтты. Жабырлануучу ошондой эле чырдын себептерин айткан жок. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин аялга үйүнө кетүүгө уруксат берилди. Учурда текшерүү жүрүп жатат, бирок булактын айтымында,  укук коргоо кызматы кол салууга байланыштуу билдирүү алган жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru