Москвадагы мигрант доцентти жана анын апасын өлтүрүп кетти-(ВИДЕО)

Москва облусунун Солнечногорск районунда Плеханов атындагы Россиянын Экономикалык Университетинин доценти Виктория Борковская жана анын энеси өлтүрүлгөндүгү жөнүндө биринчилерден болуп мугалимдин алты жаштагы кызы билдиргенин «Московский Комсомолец» жазып чыкты.

Буга чейин Тергөө комитети 7-ноябрда Солнечногорск шаардык округунда 1953 жана 1976-жылы туулган эки аялдын жансыз денесин табылып, алардын денелеринде жаракаттын издери бар экендигин билдирген. Ошондой эле, үйдөн бир нече  жаракат алган алты жаштагы кыз табылган. Бала ооруканага жаткырылды. Киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Кийинчерээк кылмыштын курмандыктарынын бири РЭУнын мугалими Виктория Борковская экендиги белгилүү болду.

“МК” билдиргендей, Тажикстандын  26 жаштагы Жасуржон Усмонов аттуу  жараны , аялдын  үйүндө курулуш иштерин жасап иштеген. Ошондой эле, мурда каракчылык үчүн соттолгон. Болжолдуу маалыматтарга караганда, ишемби күнү Усмонов менен үйдүн кожойкесинин эсептешип, жумушчуга маяна бермек. Эсептөө процессинде чыр чыккан болушу мүмкүн. Киши өлтүүгө шектелген кылмышкер үйдөгү бардык баалуу буюмдарды алып, дайынсыз жоголгон.

Борковскаянын алты жаштагы кызы саат 21:30 чамасында апасынын телефонунан досунун номерин терүүгө үлгүргөн. Ыйлап жаткан кыз чоң энеси менен апасы  кансырап жаткандыгын, өзү да жарадар болгонун айтып, бинт алып келүүнү суранган. Борковскаянын таанышы дароо полицияга жана тез жардам чакырган.

Тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн “а” пункту жана “з” пункту боюнча кылмыш ишин козгошту (“Жалданмачылык максатында эки адамды өлтүрүү”).

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru