Муфтият каржылык кризиске кептелди

«Ыйман» фонду аркылуу Түркия тарап 5 млн доллар каражат бөлүп, ал каражатка көптөгөн долбоорлор ишке ашып, имамдар айлык акы алып турушкан.
Кийинки грант келердин алдында Кыргызстан тарап чоң саясий катага жол берди. Дин комиссиясынын кийлигишүүсү менен муфтийликке бир жамааттын өкүлүн алып келди. Ошондон кийин Түркиядан келчү грант токтоду. Ал гана эмес, Бишкек шаарындагы Борбордук мечиттин коммуналдык, админстративдик чыгымдарын жаап келген Түркия тарап каражатты токтотту. Жаркыраган сонун мечитти да карай албай мусулмандар жамааты уят болгону турабыз.
Дин комиссиясынын жетекчиси Тойгонбай Абдыкаровго көп суроолор бар. Өзүнө ыңгайлуу кадрды муфтийликке алып келүү менен чоң жаңылыштык кетирди. Муфтият, жер-жерлердеги казы, имамдар бир жылдан бери айлык акы алыша элек.
Мамлекет муфтиятты каржылай албайт. Каржылады дегенде эле башка диний уюмдар да кыйкырып чыгат, мисалы, баптисттер, иегова күбөлөрү жана башкалар. Анткени муфтият деле юридикалык формасы жагынан башка диний уюмдар сыяктуу өкмөттүк эмес уюм. Ошондой эле Конституция боюнча дин мамлекеттен ажыратылган.
Ошентип азыр муфтият өтө оор кризистик абалда турат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru