Мугалимдердин жогорулатылган маянасы төмөндөбөйт

Быйыл сентябрь айында дагы мугалимдердин айлык акысы жогорулатылган бойдон калат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин чечими менен жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысын төлөө шарттары сааттык эмгек акыдан тарифтик ставкага, башкача айтканда туруктуу айлык акыга которулду. Ошондой эле базалык эсептик көрсөткүч болуп эсептелинген минималдуу айлык белгиленди.

1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы жогорулатылган. Педагогикалык персоналга – 80 пайыз, административдик-башкаруу – 50 пайыз, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлыгы – 80 пайызга жогорулатылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru