Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөн чыкпай турганын билдирди

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөн чыкпай тургандыгын билдирди. Абылгазиевдин айтымында, ал Бишкектеги үйүндө. «Мен өлкөнүн мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенимди бир нече жолу билдиргем жана дагы бир жолу тастыктайм»- деди ал. Буга чейин укук коргоо органдары Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салгандыгы маалымдалган. Өлкөдөн чыгып кетүү аракети болгон учурда, ал кармалып, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлерине өткөрүлүп берилет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru