Мухаммедкалый Абылгазиев : Жетекчилик муну чечүүгө тийиш. Болбосо башка адамдар келип иштейт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Унаа» мамлекеттик ишканасына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Премьер-министр мамлекеттик мекемеге келгендер менен пикир алышып, алардын сунуштарын жана даттанууларын укту. Негизинен алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам түзүлгөн узун кезектерге тийиштүү.

«Чындыгында, мында адамдар көп, кезектер чоң. Бул маселени чечүү керек. Калкты тейлөө терезелерин көбөйтүү же башкармалыкты башка кеңири жерге көчүрүү абзел. Имарат ыңгайсыз жана тар. Жөнөкөй эле жарык берилген эмес, коридор караңгы. Азыр көптөр унчуккан жок, себеби бир нече саат кезек күтүп туруп чарчашкан. Бирок, мында коррупциялык көрүнүштөр көп экендигин билем. Жетекчилик муну чечүүгө тийиш. Болбосо башка адамдар келип иштейт», – деди Өкмөт башчы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru