Мухаммедкалый Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын мурунку премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды.  Бул тууралуу ММКлар жазышууда. Алардын айтымында, Абылгазиевдин атына кайтаруу картасы чек ара бекеттерине коюлган. Расмий түрдө ал өлкөдөн чыга албайт.

Эске салсак, Абылгазиев 15-июнда радиожыштык ресурстарын узартуу жана кайра каттоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинде өкмөткө коюлган айыпка байланыштуу кызматтан кеткен.

Булак: Reporter.kg

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru