Мураталы Тагаев, Жалал-Абад шаарынын мэри: “Бүгүн Бишкектен 130 тонна ун алдырдык”

–Мураталы Абдыкаарович,  Жалал-Абадда абал кандай?

–Кечээтен бери  тыгыз көзөмөлдөп, бааны жөнгө салып жатабыз. Эгерде унду кымбаттатып жаткандар болсо, дүкөндү жаптырып, каттуу чаралар көрүлүүдө. Баа көтөрүлүп кетпесин деген ой менен баарын өзүм кыдырып чыктым. Мисалы кечээ эртең мененки саат тогузга алынган маалымат боюнча 1450-1600 сом болсо, кечинде бир кап ундун баасы 2000 сомго чыккан.  Мен барып сүйлөшүп, 1800 сомго түшүрткөм. Бүгүн Бишкек менен сүйлөшүп, шаарга  130 тонна ун алдырдык. Эгер зарылдык болсо дагы алдырабыз. Азыркы кабарларга караганда унга кезекке туруп, башаламандык жараткандар жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru