Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суракка чакырылды

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигинин өздүк булактары билдирди. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү аны коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары чакыргандыгы белгилүү болду. Эске салсак, өлкөгө гуманитардык жардам жеткирүү ишине мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дагы тиешеси бар. Ал Бишкектеги СИЗО-1ге отургузулган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru