Мурунку өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев камакта калтырылды

  Мурунку премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 18-сентябрда каралып, Биринчи май райондук соту чечим кабыл алды. Сот ал 30-сентябрга чейин УКМКнын абагында камакта боло турганын айтты.

Жактоочу Нурлан Сыдыков билдирген маалымат боюнча, Ж.Оторбаев ал өкмөттү жетектеп турганда Жогорку Кеңеш документтерди кайра иштеп чыгууга жөнөткөндүктөн тагылып жаткан айыпты мойнуна алган жок. Сөз Суу кодекси жана мөңгүлөр жөнүндөгү мыйзам долбоору тууралуу болуп жатат.

Ж.Оторбаев Кумтөр ишине байланыштуу 16-сентябрда убактылуу камакка алынган болчу

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru