народный

Музуралиевдин мурду асмандап мансап көксөгөндө

Бишкек шаардык кеӊешинде Канатбек Музуралиев деген депутат жигит бар. “Республика-Ата Журт” фракциясы менен мандат алып келген. Депутат болгондон бери борбордун кандай көйгөйлөрүн көтөрүп, эмне иштерди кыйратып атканын биле алган жокпуз,-деп жазып чыкты “De-facto” гезити.

Бир билгенибиз, мындан эки жыл мурун борбордогу көрүстөндөргө байланыштуу ызы-чуунун “дирижеру” болуп “атагы” чыккан. Адамдын сөөгүн жашырган көрүстөндөн акча өөнөгүсү келип, ошол тармакты бизнеске айланткысы келген киши кимге жакшылык кылат дейсиз?!

Анан да дымагы бийик экен, Музуралиев дегенибиздин. Кечээ жакында Бишкек шаарына мэр болом деп чуркады, андан 2 күн мурун эл аралык маанидеги “Манас” аэропортуна жетекчи болмокчумун деп өпкөсүн көптүрдү. Канат мырза “мэр болгонго жетилдимби?” деген суроону өзүнө берсе жакшы болор эле. Биринчи бир айыл өкөттү, анан бир районду башкарып кыйраткан бир иш көргөзүп туруп мэр болом десеӊ жарашат беле, ыя, Каке?!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru