народный

Мясникович: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Президенттери Бишкекке келбейт

27-майда Бишкекте өтөрү пландалган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.

Анын айтымында, саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар.
Пландаштырылган биринчи Евразиялык экономикалык форумга Биримдиктин мамлекет башчылары да видеоконференция аркылуу катышат.

— Биз муну бетме-бет форматта өткөрүүгө даярданып жатканбыз, бирок жакында эле мамлекет башчылары форумга жана кеңештин жыйынына видеоконференция аркылуу катышат деп чечтик, – деди Михаил Мясникович.

Ал белгилегендей, форумдагы секциялардын иши жана панелдик талкуулар пландалгандай Бишкекте жеке өткөрүлөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru