Мыйзамсыз сакталган 14 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдиктери табылды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөл учурунда 14 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдиктерин табышты.  Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Ош жана Кара-Көл шаарларында, ошондой эле Токтогул районунда жайгашкан кампаларда, сатуу үчүн сакталган күмөндүү акциздик маркалары бар жана коштоочу документтери жок алкоголдук ичимдиктер табылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ар кандай контейнерлерден 13 970 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер алынды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.