«Мыкты жигиттер он аял алсын»- деген депутатка Назира Айтбекова жооп берди

Ал өзүнүн билдирүүсүн инстаграмм баракчасына жазып чыкты:

«Бир жакшы эркектин уругунан 30% эле балага өтүшү ыктымал. Кеп жатында, кеп энеде! Эненин 70% гени өтөт балага. Бир жакшы эркек 10 начар аял алса, оноонон он башка начар тукум чыгат. Бир жакшы аял онду төрөсө, мыкты тукум чыгат. Ошон үчүн өпкөңөрдү көптүрүп, өзүңөрдүн жана уругуңардын баасын көтөрбөй эле койгула! Тээ илгертен мыкты ургаачы бааланып келген! Аялдар, өзүңөрдү тарбиялагыла, өстүргүлө, мыкты болгула, дениңерди чыңдагыла! Бааңар укмуш жогоруласын!  Бир экс депутат эже бир жакшы эркек он аял алсын деген экен. Онду эмес бирөөнү эле тыңдап карасаңар, он күчтүү тукум берет”-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru