“Мынчалык жугуштуу вирусту көргөн эмесмин”. Дарыгер “омикрондун” өзгөчөлүгүн атады

Коронавирустун “омикрон” штаммы менен ооруп жаткан киши бир жолу чүчкүргөндө 100 адамга жугузушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги аллерголог-иммунолог Владимир Болибокко таянып жазды.

“Буга чейин мындай жугуштуу вирусту көрө элек болчубуз. Мурда кызамык өтө жумуштуу оору болуп саналса, коронавирустун “омикрон” штаммы андан өтүп кетти. Өкүнүчтүүсү — бул штамм сүйлөшүп турганда же оорулуу адам улутунуп, эстеп койсо эле бир топ жерге жайылып кетүүгө жөндөмдүү экен. Ал эми чүчкүрсө тегеректе турган 100дөй кишиге вирус жукту дей бергиле”, — деди Болибок.

Ошондой эле дарыгер бул вирус балдар үчүн өтө кооптуу экенин кошумчалады.

Эске салсак, өткөн жылдын соңку айларынан бери дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө тарап жаткан “омикрон” штаммы 12-январда Кыргызстанда да катталган. Аны менен катар Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru