Мырзабек Джанзаков, Кореянын Тэгу шаарынын тургуну, кыргызстандык мигрант: “Тэгуда коомдук жайларга чыкпай жатабыз”

Учурда Кореянын эң чоң шаарларынын бири Тэгу шаары коронавирустун очогу катары саналып, дүйнө жүзү көңүл бурууда. Биздин мекендештерибиздин бири  Мырзабек Джанзаков дал ушул шаарда жашап эмгектенет. Коронавируска карата шаар бийлигинин камкордугу жана шарттары тууралуу сурап, маекке тарттык.

–Мырзабек, “учурда  биздин Кореядагы жарандарга коронавирустан коргонууга беткап жетпей жатыптыр:-деген  маалымат тарап жатат. Бул чынбы? Өзүңүз коронавирустун очогу болуп эсептелген Тэгу шаарында жашайт экенсиз…

–Саламатсыздарбы? Ооба, мен учурда Кореянын үчүнчү чоң шаары болуп эсептелген Тэгу шаарында жашап, иштейм. Бул шаарда жалпысынан 2,5 миллион эл жашайт. Тэгу коронавирустун очогу болуп жатканы боюнча маалыматыңыздар бар болуш керек. Жарандарга  беткап жетишпей жатканын айткандары туура маалымат.  Кечээ жумушка тагынып барайын деп базардан, дарыканалардан, чоң соода борборлорунан таппай койдум.

–Корея коронавирустан кантип коргонуп жатат?

–Негизи Тэгуга коронавирус менен ооруган кытайлык жарандар келип, ошолордон жугуптур.  Азыр вирус жуктургандардын саны 1000ден ашып кетти. Албетте, Корея өкмөтү болгон аракетин көрүп, вирусту башкаларга жуктурбоонун алдын алууда. Шаардын мэриясы тарабынан  мүмкүн болушунча коомдук жайларга чыкпоону, күн сайын колубузду жууп, беткап тагынып жүргүлө деп эскерткен билдирүүлөр эки үч жолу келүүдө. Эскертилгендей  метрого, автобустарга өтө зарыл иш болбосо, чыкпай жатабыз.

–Сеулга качан кеткенсиз? Кыргызстандын кайсыл аймагынын уулусуз?

–Чүй областынын  Ысык-Ата районунан болом.  Учурда жеңил өнөр-жай тармагында заводдо иштейм, тагыраагы жиптерди токуп чыгарабыз. Айлыгыбыз Кудайга шүгүр жакшы, иштегенибизге жараша берилет. 2017-жылдан бери Кыргызстанга бара элекмин.  Короновируска байланыштуу учурда Кыргызстанга кетүүнү каалаган балдар даярданып жатышат.  Жумуш деле токтогон жок. Өз убагында барып, бирок көчөгө чыгуудан сактанып жатабыз.

–Азыр саат канча болду?

–Мен сизге кечки саат 19:30да маек берип жатам.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru