народный

Нариман Түлеев аны бул кызматка кимдин макулдугу менен келгенин айтты

Азиз Суракматов парламенттик шайлоого катышат.  Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

 Ал бир нече күндөн бери Нариман Түлеевди биринчи орун басар болууга көндүрүп жүргөнүн айтты.

 «Кечээ түн жарымында ал макул болду.  Биз буга чейин аны менен  ийгиликтүү иштешип келгенбиз, мен андан көп нерселерди үйрөндүм.  Ал мэр болуп турганда, мен Бишкек шаарынын  спикери элем.  Биз Жогорку Кеңеште чогуу иштедик », – деди ал.

 Азиз Суракматов шайлоого ким менен барарын азырынча чече электигин айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Азиз Суракматов кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазгандыгы белгилүү болгон.  Ага чейин ал экс-мэр Нариман Түлеевди биринчи вице-мэрлик кызматка дайындаган.  Мыйзамга ылайык, ал жаңы мэр шайланганга чейин мэр болуп иштейт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru