народный

Нариман Түлеев иш сапары менен Москвада

Мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев Москвада иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Түлеев билдирди. Кызматтан кетүү тууралуу арызы али кабыл алына электигин айтты. Эске салсак, Нариман Түлеев 22-октябрда премьер-министр Садыр Жапаровдун атына кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Бирок, ага кол коюлган эмес. «Мен Москвадамын. Бүгүн биз фармацевтикалык компаниялар менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрөбүз, дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Автобустар менен камсыздоо маселесин чечүү үчүн бир нече ооруканаларды кыдырып, коронавирус инфекциясын дарылоо тажрыйбасын үйрөнүүнү жана Горький автомобиль заводуна барууну пландап жатам », – деди Нариман Түлеев. Эске сала кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын жанында дагы бир жолу уруксатсыз митинг болуп өттү. 100дөй адам Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru