Нариман Түлеев мэрияга жаңы кызматка орношту


Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду. Буга чейин бул кызматты Алмаз Бакетаев аркалап келген, эми ал турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр болуп дайындалды. Өз кезегинде Алимбек Абдылдаев мэрдин кеңешчиси болду.
Эске салсак, Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru