Нарматова: Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум

Активист жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова сурак берип чыккандан кийин “Фейсбук” баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

“Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буюруса эрте менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы!Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга”,-деп жазды ал.

https://www.facebook.com/100005470928289/posts/1946207575571588/

Мындан мурда ИИМ Орозайым Нарматова күбө катары суралгандан кийин бошотулганын билдирген эле. Бирок ИИМ алдына чогулган тарапташтары бир топко чейин тарбай, анын бошотулганына ишенбей турушту. Андан соң Нарматова телефон аркылуу байланышка чыккандан кийин гана тарап кетишти.

Эске сала кетсек, активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал кармалбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru