Нарын дарыясына агып кеткен баланын сөөгү жарым айдан кийин Өзбекстандан табылды

15 күндөн бери изделип жаткан 17 жаштагы баланын жансыз денеси Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу ӨКМди басма сөз кызматы кабарлады.

Аксы районунда 14-июнь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткен.

24-июнга чейин ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес. 28-июнь күнү Өзбекстан Республикасынын аймагынан жергиликтүү тургундар тарабынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылып жогорудагы сууга аккан адам экендиги аныкталган.

Саат 15:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстан Республикасынын чек-ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.