Нарын дарыясына түшүп кеткен пенсионерди издөө иштери уланууда
Нарын дарыясына түшүп кеткен пенсионерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-октябрда Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына 71 жаштагы эркек киши түшүп кеткен.
12-октябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылды. Бирок жыйынтык берген эмес.
Бүгүн, 14-октябрь күнү издөө иштери улантылат.