Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Ат-Башы районундагы блок постор менен таанышты

Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Ат-Башы районундагы блок постордун жана район ичиндеги фильтирациялык посттордун абалы менен жеринде таанышты. Бул туурасында, Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган посттордо тиешелүү кызматкерлер күнү- түнү автоунаалардын кыймылын жөнгө салып, жөө жүргүнчүлөрдүн саламаттыгы жана жугуштуу оорунун очогу болуп жаткан Ат-Башы районунун элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп тынымсыз иш алып барышууда.

Ар бир коюлган посттордон айылдан районго ооруган бептаптар кош бойлуу айымдар эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө.

Ошондой эле карапайым калктын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардамдар ,күйүүчү май, азык- түлүк, дары-дармектер жана жазгы талаа иштерине керектелүүчү буюмдар да өз убагында айылдарга жетүүдө.

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты ар бир посттогу абалды текшерүү учурунда кызматкерлердин атайын коргонуучу кийимдерин, санитардык тазалыгын, тамак-ашына чейин көңүл буруп, өз коопсуздукту сактоону да баса белгиледи.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru